Бүгүн, 30-январда президент Сооронбай Жээнбековдун жетектөөсүндө Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул жыйынды чагылдырууга "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тарабынан чакырылган жок. Маалыматтык саясат бөлүмүн Толгонай Стамалиева башкарары маалым.
2016-жылы Алмазбек Атамбаев өлкө башчы кезинде президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү президенттик маалымат жыйынды чагылдырууга оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын тартуучу тобун автобуска салбай таштап кетишкен. Көрүнүп тургандай, Сооронбай Жээнбеков шайлоо кезинде берген убадасын аткарууда, тактап айтканда, көч уланууда...