Кечээ, 30-январда Кочкор районундагы турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусу жээгинен ашып, 20 турак үйдүн короосун каптаган.
"Суу каптаган аймакка ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кочкор райондук №42 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, айыл башчысы жана айыл аймак тарабынан 1 экскаватор тартылган. Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч жок. Учурда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди ӨКМ.