Бишкекте эки унаа сүзүшүп кетип, кырсыктан бир адам каза болду

Бишкекте эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Дагы 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 1-февраль күнү саат 22:30дар чамасында болгон. Анда Хонда Одиссей унаасы менен Дэу Матиз унаалары сүзүшүп кеткен.

Белгилүү болгондой, Хонда Одиссейдин айдоочусу Абдрахманов көчөсү менен түндүктү карай айдап бара жаткан. Рулду башкара албай калып, каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиздин айдоочусу көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан