Кара-Сууда эки жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза болду жана 3 адам ооруканага жеткирилди

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 32 жаштагы эркек киши каза болуп, 3 киши ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 23-июнь күнү саат 08:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында болгон. Анда 31 жаштагы айдоочу өзүнүн Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчү катары келе жаткан 26 жаштагы жаран Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Daewoo Nexia унаасынын жүргүнчүсү болгон 32 жаштагы С.З. аттуу жаран окуя болгон жерден каза болгон.

"Учурда бул факты Кара-Суу РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursiyanur
2019-06-25 00:08:11
Ылдамдыкты сактайлычы туугандар
0
Chungyz
2019-06-25 01:57:10
Ото страшный болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан