Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө Мерседес-Спринтер унаасы жүк ташыган унааны артынан келип сүзүп, бир адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 191-чакырымында тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө болгон. Анда Мерседес-Спринтер унаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган жүк ташуучу унааны артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар жолдо бараткан унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Окуя болгон жерде 6 куткаруучу иш алып барган.