Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир бала каза болду

Ысык-Көл облусунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 1 бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 75-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Ой айылында Мерседес-Бенц жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыктын кесепетинен Фольксваген унаасынын айдоочусу жабыркап, 1 бала каза болгон. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан