Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда мамлекеттик 4 кызматтын жетекчилерин дайындоо боюнча тиешелүү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кол коюлган жарлыктын негизинде Самат Кылжыев - өкмөттүн аппарат жетекчиси,
Санжар Муканбетов - экономика министри,
Эркинбек Чодуев - айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри,
Дастан Догоев - Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалды.