Бишкек шаардык, Жалал-Абад жана Баткен облустук сотторуна жаңы судьялар дайындалды

Жалал-Абад, Баткен облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялары дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо кеңешинен өлкөнүн Жогорку Сотуна жана Бишкек шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген. Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдар изилденип, 5 талапкер боюнча документтер Судьяларды тандоо кеңешине кайтарылган.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 10 талапкер дайындалды.

Бишкек шаардык сотуна Жамиля Абдымомунова судья болду.

Жалал-Абад облустук сотуна дайындалгандар: Өмүрбек Абдыразаков, Шакирали Акбаров, Сүйүнбек Бекташов, Ильяс Ботоев, Каныбек Токтосун уулу;

Баткен облустук сотуна дайындалгандар: Арзыбай Абдураимов, Мадамин Азимжанов, Нургазы Алимкулов , Гүлмира Кожобекова. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан