Эмчек рагына кабылган Алина Алмаз кызы: "Химиотерапия алып жаткан учурда алдыңдан от күйүп, үстүңө суу куюлуп жаткандай сезилет. Андайда жашагым келбей кеткен учурлар болгон"

"Бул - мен жана мен жасайм!" аталышындагы маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана ушул министрликтин алдындагы онкология жана гемотология улуттук борборунун директорунун орун басары Бакыт Шаимбековго рак илдетинен жабыр тарткан бейтаптар дарылануу учурунда жаралган көйгөйлөрүн айтып, суроолорун узатышты. Андан сырткары аталган дартка керектелүүчү негизги дары-дармектердин баасын көрсөтүштү.

2016-жылдан бери эмчек рагы менен күрөшүп келген Алина Алмаз кызы аттуу бейтап айына 100 миң сомдун тегерегинде каражат сарптаарын айтып өттү:

"Аты-жөнүм Алина Алмаз кызы, 28 жаштамын, 2 балам бар. 2016-жылдын соңунда мага "эмчек рагы" деген диагноз коюлду. Рак илдетине кабылгандар герцептин деген дарыга абдан муктаж. Себеби аталган дарыны баарысы эле бирдей өлчөмдө колдоно бербейт. Салмакка жана бойдун узундугуна жараша колдонулат. Мисалы, мен азыраак каражат коротоюн деп арыктадым. Учурда 57 килограмм салмак жана 1 метр 60 сантиметр боюм менен 21 күн сайын 300 миллиграмм герцептин алам. Айына башка дары-дармектерди эсепке албаганда, герцептин үчүн 51 миң сом коротом. Ал эми жалпы 100 миң сомдун тегерегинде кетет. Өзүм болсо мед айыммын, онкологиялык ооруканада иштейм. Тилекке каршы, өзүм дагы ушул дарт менен ооруп калдым. Алгач каражат жагынан кесиптештерим, туугандарым жардам беришсе, учурда кайрымдуулук фонддордун бири жардам берип жатат. Химиотерапиянын аты айтып тургандай эле, ден соолукка да зыяны тийбей койбойт. Биринчи ирет алганда чыдабай качып кеткем. Алдыңдан от күйүп, үстүңө суу куюлуп жаткандай сезилет. Андайда жашагым келбей кеткен учурлар болгон. Эс-тутумуң начарлайт. Дарыгерлердин айткандарын толук аткарсаң, айыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар", - дейт ал.

Бүгүн, 4-февраль - Рак илдети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuri1988Elim2010
2019-02-04 18:37:20
Эх дартын берген Аллахым,шыфаасында берсин ылайым.
Дартуууларга дабаа,оруулуларга шыфаа берсин
+7
010288
2019-02-04 23:54:19
Аллахым дарт берсен шыфаасы менен бер омииийн
+2
RaHat19
2019-02-05 10:29:37
Ден соолугун жакшы болуп кетсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан