Депутат: "Топтолуп алып тамеки чегип, түкүрүнгөндөр жок болуп калганын базар аралап жүрүп байкадым"

"Базар аралап жүрүп байкаганым - мурункудай топтолуп туруп алып тамеки чеккендер, түкүрүнгөндөр жок болуп калыптыр" деп бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев айтты.

Бүгүн комитет жыйынында “Эреже бузуу жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралууда.

"Мен базар араладым, байкаганым - мурункудай топтолуп туруп алып тамеки чеккендер, түкүрүнгөндөр жок болуп калыптыр. Тамеки чеккендер жашынып чегип калыптыр. Эл түкүрүнгөндөн коркуп калыптыр. Демек, мыйзам иштеп жатат, артка кайтуунун кереги жок. Талкууга алып жаткандардыкы, балким, туурадыр, бирок мыйзам өз натыйжасын берүүдө. Топтолуп турган милиция кызматкерлеринин жанына барып да сүйлөштүм, айланасы таза экен. Учурда эл эле эмес, милиция кызматкерлери да түкүрүнгөндөн коркуп калышыптыр", - деди Жолдошбаев.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул мыйзам боюнча бир гана мекеме көзөмөлдөшү керектигин айтты.

“Механизмдер мурдагы эле. Түкүрүк боюнча күбөлүк база түзүлөт, ага ылайык айып пул салынат. Бул боюнча патрулдук милициянын кызматкерлери жана патрулдук күзөт кызматы иш алып барат", - деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kechirmeni
2019-02-05 15:48:19
Туура мен да байкадым, озуму эле мисалга алсам тамеки го тартпайм бирок тукургондо деле абайлап же адам коп жургон жерлерде тукургонду таштадым
+3
Bars88
2019-02-05 15:48:38
Эч кандай корккон жок эч ким.Мурда кандай болсо ошондой эле корунуш
+1
baisogur
2019-02-05 15:59:11
Базарларда жолдордо мурдагыдай бардак азайды ушунусунада шугур тазалык бир аз болсода оз ордун таба алды
+1
bond02
2019-02-05 16:04:42
Мен уялам мына мындан уялам, козго толоор бир чон эмгек кылбагам деп. Бул депутат да базарчы окшойт.
+4
Kyrgyz_bloger
2019-02-05 16:51:12
Шапкенисти ылдый басып алып элге байкалбай беш сары жакты айландыс окшойт ааа
+7
Dalil
2019-02-05 20:27:57
Ушул депутат кантип жөө жүргөндөн уялбай базар аралады экен?
+6
Mikra
2019-02-05 20:43:44
Беш сары базары ушул уялчак депутатыкыда.оллллло начар киши.контейнерлердин бир айлык арендасы 50мин сом 80мин сом ходовой жердеги контейнерлери.мен колумдан келсе жок кылат элем ушул ач коз акмак кишини
+4
gul3ina
2019-02-05 22:06:32
Козунузду жумуп алып баскансыз го
+1
ahun72
2019-02-06 01:44:02
Токтогул кочосундогу мостко келсе,бутуна тукуруп коюшат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан