Ички иштер министрлигинен Башкы прокуратуранын наамына АКШда кармалган Калыбек Элтуйбасовду өлкөгө алып келүү боюнча суроо-талап түшкөн эмес. Мындай маалыматты Башкы прокуратура таратты.
"Бүгүн, 5-февралда ички иштер министринин катышуусундагы министрликтин маалымат жыйынында айтылган Калыбек Элтуйбасовго байланыштуу маалыматка тактоо киргизип, төмөнкүлөрдү маалымдайбыз:
АКШда миграция мыйзамдарын бузду делип кармалган Элтуйбасов боюнча АКШнын тиешелүү органдарына суроо-талап жиберилген эмес. Ошондой эле Калыбек Элтуйбасовду АКШдан экстрадициялоо боюнча материалдар ИИМден прокуратурага келип түшкөн эмес", - деп билдирет Башкы прокуратура.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте ИИМдин 2018-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат жыйыны болуп өткөн. Ага министр Кашкар Жунушалиев жана анын бир катар орун басарлары катышып, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Берилген суроолордун арасында мындан 5 жыл мурун киши колдуу каза болгон Камила Дүйшөбаеванын чуулгандуу өлүмүнө байланышкан суроого ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жооп берип жатып, Элтуйбасовду учурда Кыргыз жерине өткөрүп алуу иштери жүрүп жатканын айткан.
"Киши колдуу каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн Калыбек Элтуйбасов АКШда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалды. Кармалган учурда Кыргыз өлкөсү тарабынан издөөдө жүргөнү маалым болгон. Азыр ага Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кыргыз жерине өткөрүп алуу боюнча Башкы прокуратура аркылуу кайрылдык", - деген Каниметов.
2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасов (Саляновдун) кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.