Бишкек шаарында бүгүн, 6-февралга караган түнү менен жааган карды тазалоого "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 740 жумушчусу ишке тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-февралдан 6-февралга караган түнү жолдорго 403 тонна кум, 55 тонна туз себилди.
"Таңкы саат 6:00дөн бери борбордогу жолдорду, тротуарларды тазалоо үчүн 740 жумушчу, ал эми унаа жолдорундагы унаа ылдамдыгын азайтуучу дөңсөөлөрдү тазалоого жол-эксплуатациялык башкармалыктын 40 кызматкери жана 113 жүктөгүч иш алып барууда. Мындан тышкары, жолдорду кардан тазалоо үчүн кар тазалоочу атайын 34 техника тартылды", - деп билдиришти ишканадан.