Жогорку Кеңеште "Атаандаштык жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор талкууланууда

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта "Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Эмил Токтошев Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кайрылып, алар кандай иш аткарышары тууралуу сурады.

"Силердин негизги иш-милдетиңиздер эмнеде? Мыйзамдарды карайсыздарбы? Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы канча болуп жатат?" - деди Токтошев.

Буга өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Шухрат Сабиров учурдагы күйүүчү май сатуучу жайлардагы бааларды айтты.

"Биз базардагы бааларды карабайбыз. Жума сайын ар бир компания боюнча мониторинг жүргүзүп турабыз", - деди ал.

"Макул, баасын билет экенсиз, а дүң баасы канча? Бүгүнкү күндө нефтебазадагы бааларга 10 сом кошуп сатып жатышат. Эмнеге муну жабык маалымат деген жооптуу узатып жатышат. Мага түштүктөн, түндүктөн эл күйүүчү май кымбат деп кайрылып жатышат. Чара көргүлө буга", - деди Токтошев.

Буга депутат Алмазбек Токторов да кошулуп, "агенттикти ушундай жетекчилер башкара алабы?" деген суроо узатты.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууга кайтарылып, тиешелүү сунуштарды кайра карап чыгуу үчүн добушка коюлду. Жыйынга катталган 80 депутат бул сунушту колдоп, мыйзам долбоору экинчи окууга кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан