Ноокатта айдоочу эки адамды сүзүп кетип, 13 жаштагы тандырдын сатуучусу каза болду

Ноокат районунда унаанын тормозу иштебей калып, эки адамды сүзүп кетти. Алардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-февраль күнү саат 18:00 чамасына Көк-Жар айылында орун алган. Анда 26 жаштагы Т.А. уулу Хендай Старекс унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, базардагы тандырдын ичине кирип кеткен. Кырсыктан Ноокат районунун тургундары 41 жаштагы Б.Д. жана 13 жаштагы Ж.К. уулу унаанын алдында калып, Ж.К. уулу кырсык болгон жерде көз жумган. Унаанын айдоочусу жана Б.Д. жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылды.

Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү менен тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери орун алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elmira.
2019-02-07 15:27:48
Кудай сактааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан