Орусиянын Новосибирск шаарынан келе жаткан Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 2 мекендешибиз каза болуп, дагы бирөө денесинен жаракат алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-декабрь күнү Ордынск районунда болгон.
"Эки жарандын сөөгү бүгүн, 24-декабрда мекенине жөнөтүлөт. Каза болгон жарандын бири 50дө, бири 30 жашта болгон. Алар Ош облусунун тургундары болушкан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.