Ноокат районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, каза болгондордун баары Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болгон.
"6-январь күнү саат 8:15 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 73-чакырымындагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында МАН 26-464 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаанын жүргүнчүлөрү Кызыл-Кыя районунун тургундары 18 жаштагы И.уулу.Т. жана 29 жаштагы Ш.М. окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы К.П. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында каза болду.
Калган жүргүнчүлөр Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 24 жаштагы У.У. 44 жаштагы Ш.А. 20 жаштагы З.Г. жана жеңил унаанын айдоочусу 37 жаштагы А.З. ар кандай жаракаттары менен шаардык ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, азыркы учурда аталган окуя боюнча тергөө жүрүп, ишти Ноокат райондук ички иштер бөлүмү алып барууда.