Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек-Ош жолунун 250-чакырымында саат 14:30 чамасында ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын прицеби жыгылып, сүрүлүп барып эки унааны сүзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.
"ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Бишкек-Ош жолунун 250-чакырымдагы жолдун бурулушунан прицеби белгисиз себептерден жыгылып, сүрүлүп барып токтоп турган БМВ жана Ошту көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан Мерседес-Бенцтин 1993-жылы туулган К.А. аттуу айдоочусу Токтогул райондук ооруканага келгенде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.