Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Жумагазиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгонун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал эми шаардык милициянын буга чейинки жетекчиси Сталбек Рахманов кызматынан бошотулуп, Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Ал эми аталган башкармалыктын мурдагы башчысы Сталбек Күрөңкеев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды.
Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февраль күнү төрөлгөн. Ал 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн. Жумагазиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына келгенге чейин Чүй облусунун ОИИББинин башчысы болуп эмгектенген.