Абакта иштеген кызматкерлерге психологиялык жактан жардам берүүчү бөлмө ачылат

Абакта иштеген кызматкерлер үчүн атайын психологиялык жактан жардам берүүчү бөлмөлөр ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай бөлмө биринчи жолу Чүй облусунун Степное аялдар түрмөсүндө бүгүн, 8-февралда ачылат.

"Буга чейин соттолгондор үчүн мындай бөлмөлөр ачылган. Эми кезек кызматкерлерге жетти. Негизи башка өлкөлөрдө түрмөдө иштеген кызматкерлер нөөмөттөн чыккандан кийин атайын эс алуучу бөлмөлөр бар экен. Ошондой эле эл аралык стандарт боюнча дагы болушу керек экен", - деди басма сөз кызматкери.

Мындай бөлмөлөр жакынкы убакта башка дагы абактарда ачылуусу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2019-02-08 12:27:36
Бизге айлыкты көтөрүп анан талапты бираз азайтып койсоле жетмек кысым кылып ай сайын айлыктан акча чогултпай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан