2018-жылдагы Өлкө чемпиондугунда мыкты футболчу аталган Шерзот Шакиров өзбекстандык клуб менен келишим түздү

Улуттук курама команданын футболчусу Шерзот Шакиров өзбекстандык клубга өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Шакиров Өзбекстандын Жогорку Лигасында ойногон Жиззах шаарынын "Согдиана" клубу менен келишим түздү. Келишим 2 жылга негизделип, эки тараптын макулдашуусу менен дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

"Командага Ташкент шаарында окуу-машыгуу жыйындары учурунда кошулдум. Баары мени жакшы кабыл алгандыктан бат эле жаңы клубга көнүп кеттим. Учурда команда менен Түркияда жаңы сезонго даярданып жатабыз. 6-февралда сербиялык "Бачка Паланка" клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:2 эсебинде тең чыктык. Мен алгачкы мүнөттөн тарта талаага чыгып, толук оюн өткөрдүм.

"Согдиананын" максаты - Өлкө чемпиондугунда 6 мыкты команданын катарына кошулуу. Негизги курамга кошулуп, жаңы командама жардам берүү үчүн колумдан келген аракетимди жасайм", - деп билдирген Шакиров.

Топ лиганын өткөн сезонунда Шерзот Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубунда оюн көрсөтүп, 2018-жылдын мыкты футболчусу наамын жеңип алган.

Кыргыз курама командасынын катарында 2014-жылы Ооганстанга каршы жолдоштук беттеште дебют жасап, жалпы 14 беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zevs
2019-02-08 13:34:04
Dordoido kim kalat.
-1
Azatbek.Svoboda.
2019-02-09 15:05:44
zevs, Чет олкодон келишишет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан