“Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт”.
Ушундай ыр саптарын көркөм окуган кичинекей кыздын видеосу интернетке кеңири тарады, аны сиз да көргөндүрсүз... SUPER TV дал ошол видеодогу кызды таап, үйүнө барды. Интернетте баары алкап, бакыт менен кең келечек каалап жаткан кыздын аты Айчолпон. Ал ушул жылдын апрель айында 4 жашка чыгат.
Интернет жылдызына айланган балакайдын апасы Венера Жолборсова кызы башка балдардай болуп интернеттен мультфильм көргөндүн ордуна ар кандай китептерди чоңдорго окутуп, укканды жакшы көрөрүн айтат.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын, чыгармаларын, Байдылда Сарногоевдин ырларын жатка билген бөбөк тууралуу кененирээк төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыз.