Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында экономика министри Олег Панкратов айтты.
"2018-жылдын 9 ай аралыгында өлкөгө келген инвестициянын суммасы 344 миллион долларды түзгөн. 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Кытайдан 127 миллион доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 миллион доллардын чегинде болду", - деди Панкратов.
Ошондой эле министр Кыргыз өлкөсү ЕАЭБ курамына киргенден кийин 3 жыл аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары өндүрүлө баштаганын кошумчалады.