Депутат Акылбек Жапаров экс-президент саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө аралашса, анын "экс-президент" деген наамын алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында экс-президенттердин кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда депутат Исхак Масалиев Жапаровдун сунушуна каршы эместигин айтып, бирок бул наам кандай жол менен алынса болорун карап көрүү керектигин билдирди.
"2000-жылдан бери саясатта жүрөм. Президенттердин бардыгы эле "мөөнөтүм бүтсө саясаттан кетем, китеп, ыр жазам" деп айтышат, бирок кетишпейт. Алар саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө аралашса "экс-президент" деген наамын алып салуу сунушун колдойм. Бирок наам кандай жол менен алынышы керектигин карап чыгышыбыз керек", - дейт Масалиев.