"Экс-президенттер саясатка аралашпасын. Өкмөттүк кызматтарга келбесин" деди депутат Акылбек Жапаров парламенттин 13-декабрдагы жыйынында. Ал аталган пикирин Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.
Жапаров АКШнын экс-президенттери да бийликтен кетип, өзүнчө партия түзбөй эле тынч жүргөнүн кошумчалады.
"Экс-президенттер, экс-премьерлер, экс-спикерлер бир жолу өлкөнүн башына келдиңер, эми концертиңерди токтоткула. Барып эми сабагыңарды окугула. Насаатыңарды айткыла. Китеп жазгыла. Анан кайра-кайра эле саясатка аралаша бербегиле деген таризде айталы деп жатабыз да. Мүмкүнчүлүгүңөр бир жолу болду. Эми барып, өз айылыңарды көтөргүлө. Ошол айылда коммунизмди кургула", - деди Жапаров.