Юрист Атамбаевди кандай учурда жоопко тартууга мүмкүн экенин айтты

Юрист Икрамидин АйткуловЭгер экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга жол ачылат. Мындай пикирин 30-ноябрда юрист Икрамидин Айткулов социалдык түйүндөгү баракчасында жазып чыкты.

Анын ою боюнча, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров журналисттерге Конституцияны туура эмес чечмелеп жатат. "Мамыров "жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин экс-президент болгондорду гана кол тийбестиктен ажыратуу мүмкүн" дейт. Анын айтымында, мындан улам Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу мүмкүн эмес.

Мамыров жаңылып жатат. Ал өзү коргоого милдеттүү Конституцияны туура эмес чечмелеп жатат. Ошондой эле Мамыров өзү төрагалык кылган Конституциялык палата карай ала турган маселе боюнча пикир билдирүүгө укугу жок. Муну менен ал судьянын Ар-намыс кодексин бузду.

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек МамыровКонституциянын 28-беренесине ылайык, адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Демек, бул Конституциялык нормада кеп жазык мыйзамы гана болууда. Ал эми президент менен экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам жазык мыйзамы эмес, процессуалдык мыйзам болуп саналат. Иш-аракеттер болуп жаткан учурда иштеген процессуалдык мыйзамдар гана ар дайым колдонулат. Ошондуктан депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеп жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, Алмазбек Атамбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек.

Мен Кыргыз Республикасынын жараны катары Эркинбек Мамыровдун ээлеген кызматына татыктуулугу жөнүндөгү маселени карап чыгуу боюнча Судьялар кеңешине кайрылмакчымын", - деп билдирди Айткулов.

3 күн мурун, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан