"Экс-президентке мамлекеттик кызматты ээлегенге тыюу салсаңар да, бирок саясий ишмердүүлүк жүргүзгөнгө тыюу сала албайсыңар", - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Асел Кодуранова айтты.
Ал билдиргендей, коомчулукта экс-президенттердин кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору Алмазбек Атамбаевге карата болуп жатат деген сөздөр тарады. "Бул нерселер бүгүнкү күндө да айтылууда. Атамбаев күчтүү адам, өзүн коргой алат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен учурдагы жана келечектеги президенттерди кандайдыр бир рамкага салып коёбуз. Себеби улуттун коопсуздугуна байланыштуу кандайдыр бир маселе жаралып, ал чечим кабыл алса, кийин анын мөөнөтү бүткөндө саясат 180 градуска бурулуп кетет экен. Анан кийинки президенттикке ким барат? Бул нерсе туура эмес.
Экс-президентке мамлекеттик кызматты ээлегенге тыюу салууну сунуштап жатасыздар. Макул ал кызмат ээлебесин, бирок саясатка аралашканга тыюу сала албайсыңар. Ал 6 жыл саясат менен жүрдү, эң негизги чечимдерди кабыл алып жатты. Ооба, анын күзөтү бар, бекер дарыланат. Бирок бекер дарылануу мүмкүнчүлүгү ар бир жаран үчүн бар", - деди Кодуранова.