Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев. Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.
Масалиев мыйзам долбоорунун 12-беренесинин аталышы "Экс-президенттин кол тийбестиги" деп калганын айтып, бул нерсе эртеңки күнү Конституциялык палатанын алдында маселе жаратып калышы ыктымал экенин билдирди.
"Аталышында кол тийбестик дегени менен мазмуну өзгөртүлгөн. Муну эске алып коюш керек. Башынан эле эч кандай формада кол тийбестик болбошу керек деген позициямды ачык айтып келем. 2006-жылы кол тийбестик дегенди түп-тамыры менен алып салганбыз. Биз экс-президентти иштеп жаткан президент менен тең кылып койгонубуз туура эмес. 12-берененин аталышы туура эмес болуп, мазмунуна дал келбейт. Ар бир мыйзам туура болушу керек", - деди Масалиев.
Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени Масалиев экинчи окууда да көтөргөнүн жана комитет менен палата аталышы менен мазмуну бир-бирине дал келет деген чечим кабыл алганын айтты.
Жогорку Кеңеште добуш берүүгө 114 депутат катталып, алардын 111и "макул", 3ү "каршы" деп добуш беришкен. "Каршы" деп добуш берген депутаттар Анвар Артыков, Исхак Масалиев жана Асел Кодуранова.
Бул мыйзам экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.