12-февралда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди. Анын алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттап, анда айдоочу 1 миң сомдон 23 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат.
Анда: "Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан ашырып айдаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Ал эми ошол эле белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан ашырып айдаган жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат", - деп жазылган.
Башкача айтканда, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгилеген жерлерде (мындай чектөө көбүнчө мектеп, бала бакча жана башка социалдык объекттердин алдында коюлган) саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.
Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №421 токтому жол кыймылынын эрежелеринин 10.1 пунктунда төмөнкүлөр жазылган:
"Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алуусу керек".
Муну менен жол кыймылынын эрежелеринин жана административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршылык орун алууда.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына байланышып маалымат катчы Нурбек Токтосуновдон төмөнкүдөй жооп алдык:
"Азыр 2019-жылдын 1-январында кабыл алынган кодексте ар бир эреже бузуунун белгиленген өлчөмдөгү айыптары бар.
Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат. Ошондуктан экөөнүн ортосунда кайчалыштык болсо административдик кодекстин негизинде чечим чыгат", - деди башкармалыктын адиси.