Бишкекте эреже бузган айдоочуларга салынган айып пулдун жалпы көлөмү тактала элек

Бишкекте эреже бузган айдоочуларга салынган айып пулдун 2 күндөн берки жалпы көлөмү так эмес. Тактап айтканда, "Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштаган күнү эле мониторинг борборунун экранында 9,5 миллион сомдук айып пул катталганы көрүнгөн. Бирок аталган борбордун жетекчиси Гүлмира Баратова болгону 761 эреже бузулуп, 878 миң сомдук айып пул катталганын билдирген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир күндө 761 эреже бузуу болгонун, бирок айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмү дале так эмес экендигин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, айдоочу эреже бузганы же бузбаганы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аныкталат.

"12-февраль күнү эле жалпы 9,5 миллион сомдук эреже бузуу катталды делип жаткан маалымат туура эмес. Ал сумма тестирлөө убагындагы маалымат. Мониторинг борбору Бишкек шаарынын аймагында 12-февраль күнү 761 эреже бузуу болгонун билдирген. Бирок биздин кызматкерлер ким кандай категорияда жана кандай эреже бузганын аныктап чыгышы керек. Ошондуктан айып пулдун жалпы көлөмү азырынча так эмес", - деп түшүндүрдү Токтосунов.

12-февралда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген. Анын алкагында шаар көчөлөрүндөгү 10 кесилишке коюлган камералар 7 эреже бузууну каттап баштаган. Анда эреже бузган айдоочу 1 миң сомдон 23 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
dosym
2019-02-14 16:22:15
Ушул жерден да акча жегени турасыңарбы
+1
zevs
2019-02-14 17:12:38
Ee bizdikiler tugop butkon ekenda uwul jerden sa akcha iwtep jatat. Ilayim tewip chyksyn elden algan akchanar
+1
Baatirbek81
2019-02-14 19:09:25
Мындай айып пул чогултсаңар кытайдын карызын кутулуп бүтүп, кайра проценке беребизго.
+2
amirrus
2019-02-14 19:14:51
бунунар копко узабайт го ушул ишинер окумотту отставкага кетирип тынат ...
+1
Bars88
2019-02-14 20:24:51
Озулорунун счётунан ашканы мамлекетке тушот экенда.Бир эки кишини эле байытабыз
0
Kubat77
2019-02-14 22:23:33
Ошол штрака тушкон акчага кейийсинер канчалаган бей куноо наристелер машинанын тепсендисинде калды ошолордон да акча артыкбы.
-1
bessmertiy
2019-02-14 22:53:55
Бир күндө болгону 10 камерага ушунча эреже бузуу катталса Бишкек шаары боюнча камера орнотулса уххуууу.
0
CEO1
2019-02-15 03:46:53
Кыргызстан белчесинен коррупцияга баткан олко да...

Сокенин шайкасы ушул жерде да миллиондорду жеп калгысы келиптир да...
0
semo
2019-02-15 09:35:28
Бул жеке ишкана еч ким билбейт бир кундо канча акчага иштегенин булардын 10милион деген чын маалымат болсо керек евакваторлор деле иштеп жатпай кунуго бир унаага 1300 сом алышат кечке чейин 30 унаа алып кетишет ен азы
+2
mederkg
2019-02-15 11:07:24
Бөлүшүп анан калганын өкмөткө төгөт болуш керек
+1
vikidiki
2019-02-15 12:01:10
Короче бышпаган "чийки"жол мыйзамы менен элди "сыгып"-анан кайдагы бир фирманы анан "омуру тойбогон ач кусондорду"байытат экенбиз да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан