Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алып, айып пул жаза баштайт. Бул тууралуу ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, 12-февраль күнү "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылат.
Анын алкагында Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алмакчы.
Алар:
1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү;
2. Каршы тилке менен жүрүү;
3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү;
4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда стоп сызыгынан өтүп кетүү;
5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу;
6. Ылдамдыктан ашырып айдоо;
7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн эреже бузуулар боюнча сүрөт жана видеотасма иштелип чыккандан кийин унаа ээсине айып салынганын билдирген токтом жиберилет.
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу 4 этап менен жүрөт. 2-этап ушул жылдын март айынан башталат.
2019-жылдын 10-февралына чейин видеокөзөмөл камералар орнотула турган даректер:
Бөкөнбаев-Абдрахманов;
Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары;
Чүй-Фучик;
Чүй-Бейшеналиева;
Жибек Жолу-Фучик;
Чүй-Жаш Гвардия бульвары;
Жибек Жолу-Абдрахманов;
Чүй-Курманжан датка;
Москва-Абдрахманов;
Горький-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине коюлуусу пландалууда.