Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Белгилүү болгондой, 4-марттан тартып жол эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар бирдей өлчөмдө айып пул төлөйт.
"Кеңешмеде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдиргендей, жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Эреже бузуу жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 4-марттан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, аппараттык-программалык комплекстер аркылуу аныкталган эреже бузуулар үчүн жеке жана юридикалык жактарга айып пулдар теңештирилди. Ошондой эле айып пулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга 50 пайыздык жеңилдик менен төлөө укугу каралган", - деп айтылат маалыматта.