Бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБи тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.
Жыйын учурунда депутат Жанар Акаев кемчиликтер убагында айтылганда ЖЭБдеги көйгөй болбойт эле деген пикирин билдирди.
"Кыргыз интеллигенциясындагы саясатчылар, депутаттар дагы бардык көйгөй, кемчиликтерди убагында айтканды үйрөнгөнүбүздө ушундай абал болбойт эле. Бир күнү “Датка-Кемин”, түндүк-түштүк альтернативдүү жолду курган үчүн Алмазбек Атамбаевдин атын ошол жолго беришибиз керек, анын атын ыйгарыш керек деп айтып чыкканбыз. Ким бийликтен кетсе же камалгандан кийин тепкилеп жатып калганыбыз трагедия болуп жатат. Эгерде биз азыркы президентке, өкмөткө жардам беребиз десек, көйгөйдү убагында айтып, ошонун чечүү жолдорун кошо сунушташыбыз зарыл. Сын айткандарды оппозиция же душман катары көрбөө керек. Бардык сындарды уга билүү зарыл", - деди эл өкүлү.