Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгына "жетишерлик эмес" деген баа берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2017-2018-жылдагы өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгына "жетишерлик эмес" деген баа берүүнү сунуштады. Комитет мындай чечимди бүгүн, 31-январда Бишкек ЖЭБде болгон авариянын тегерегиндеги маселени кароонун жыйынтыгында сунуштады.

Комитеттин чечиминин тексти:

"2017-2018-жылдагы Кыргыз өкмөтүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгы "жетишерлик эмес" деп эсептелсин.

Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгилинде даярдык көрүүнүн жүрүшүндө олуттуу кемчиликтерге жол берип, авариялык абалга алып келген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттери күчөп кетиши боюнча тез арада чараларды көрүү өкмөткө тапшырылсын.

Авария боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосун. УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул иш боюнча иликтөө жүргүзсүн", - деп сунушталат комитеттин чечиминде.

Депутаттар жумуш убактысы бүткөндүктөн комитет чечимин кароону эртеңкиге калтырды.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан