ЖЭБди жаңылоо боюнча техникалык-экономикалык негиздеме кытай тилинен 7 жолу которулган. Бул тууралуу ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында айтылды. Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев адистер котормолорго түшүнбөгөндүктөн көп маселе келип чыкканын айтты.
"Техникалык-экономикалык негиздеме 5-7 жолу которулду. Техникалык терминдерди которуу оор болду. Маселе бар. Ачык болушу үчүн толук документтерди окуп чыгыш керек. Азыр биз алгач англис тилине, андан кийин орус тилине которууга аракет кылып жатабыз", - деди Воропаев.
"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов документтин жалпы мазмуну түшүнүктүү экенин айтууга аракет кылды. Бирок КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев Авазовду этияттап сүйлөөгө чакырып, сөзүн токтотту.