Депутат Масалиев: "Биз Кытай менен соттошо албайбыз"

Бишкек ЖЭБдеги абал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн эң пайдалуу келишим болгонун айтты.

"Эгерде, кандайдыр бир күмөн саноо болсо комиссия мүчөлөрү кытайлык ТВЕА компаниясына кайрылса болот", - деди Артыкбаев.

Эл өкүлүнүн мындай пикирин экс-премьер-министр Темир Сариев да толуктады. "Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруу жана көзөмөл органы. Кытайдан сурап алууга толук укуктуу. Алар жооп бериши керек. Анткени аталган компания эл аралык деңгээлдеги компания, өз атын булгагысы келбейт", - деди ал.

Комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев жогоруда айткандардын сунушуна: "Биз Кытай менен соттошо албайбыз, талап кыла албайбыз. Биз өзүбүздүкүлөрдөн сурашыбыз керек", - деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BarsBaatyr
2018-04-02 19:33:27
Эмне учун силер жегенди Кытайдан сурашы керек?Жединерби эми кускула.
+7
jbolotov
2018-04-02 21:08:28
Кытай акчасын которду, бир кычкачты 640$ кылып акчаны чачкан биздин тийиштуу жетечилер жооп берсин.
+2
al-abu-kinesz
2018-04-03 07:17:02
Кытайдын бул коррупцияга тиешеси деле жок, баары озубуздун ХХХХХ болуп атпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан