Бишкек-Торугарт унаа жолунда 2 жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анда 1 айдоочу каза болду. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Жол кырсыгы 26-февраль күнү кечки саат 19:30 чамаларында катталган. Анда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында, тактап айтканда, Ысык-Ата районуна караштуу Хунчи айылынын тушунда Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасынын 1966-жылы туулган В.К. аттуу айдоочусу каза болуп калган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, унаалар айып аянтчасына жеткирилген. Ал эми Хово унаасынын айдоочусу жаракат алган эмес.