Бишкекте жол тандабас 3 жашар баланы тебелеп кетти. Жабырлануучу ооруканадан каза болду

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар бала жол тандабастын алдында калып каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык 3-ноябрда саат 15:00 чамасында Орозбеков 2 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда орун алганын билдирди.

"Тойота Секвойя үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу короодо токтоп турган унаасын артты көздөй айдаганда 3 жаштагы баланы байкабай тебелеп кеткен. Бала оор жаракат алгандыгына байланыштуу ооруканадан каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду. Айдоочу Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашайт. Ал 2007-жылы айдоочулук күбөлүк алган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда", - деди басма сөз кызматынан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылат. Жол эрежесин сактап, үйлөрдүн короосуна унааны токтотууда же айдап жатканда өспүрүмдөргө көңүл буруңуздар. Ата-энелер балдарыңыздар сейилдеп жүргөндө, үйдүн короосунда ойноп жатканда жол эрежесин сактоого үйрөтүп, коопсуздукту камсыз кылыңыздар. Жөө адамдар жолдон өтүүдө этият болуңуздар!

Бишкекте жол тандабас 3 жашар баланы тебелеп кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2019-11-04 11:12:16
Каап жаман болуптур
+3
momun74
2019-11-04 22:18:07
Короого машине токтоткондорго тушунбойм подъезден чыксан эле машинени сузосун кээбир королордо атайын платный стоянкалар бар акча толоодон качышып кырсыкка кабылып атышат
0
Arman7
2019-11-05 02:28:15
momun74,Короого токтотпой анан кайда токтотушсун акылдуу боло бербечи
-1
momun74
2019-11-05 12:58:26
Arman7,акылдуу тилинде мээге туташтырып суйлосон боло атайын стоянкалар бар акча тологондон качып дворго токтотушат. Сенда ошолордун катарында окшойсун
0
Stervashka
2019-11-05 01:55:39
Ох журогум ооруп кетти, периште болуп учуптур да. Ата энесине сабыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан