Шамалды-Сайда бензовоз менен кичи автобус сүзүшүп, 1 адам каза болду

Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай шаарчасында бензовоз менен кичи автобус сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 30-апрелде эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 473-чакырымында орун алган.

"Mercedes-Benz 711 (Gigant) кичи автобусу жүргүнчүлөрү менен Бишкекти көздөй бара жатып, бензовоз менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун бир жүргүнчүсү каза болуп, айдоочу жана 3 жүргүнчү жаракат алган. Ошондой эле бензовоздун айдоочусу дагы жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда кайсы тарап күнөөлүү экени белгисиз. Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда", - дейт маалымат кызматы.

Шамалды-Сайда болгон кырсык
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eli.91
2019-04-30 11:39:42
Фура да менчик болбосо керек.Байкуш бироонун жумушун кылып акча тапкан адам болсо керек.Гиганттар ото эле катту айдашат абайлагылачы айдоочулар!Каза болгон адамдын жайы Жаннатта болсун амин!
+1
Krai
2019-04-30 13:05:03
Гиганттын же болбосо фуранын рулу оң жакта эмес бекен дегеним жолдогу болгон кырсыктын баарын эле оң рулдуу автунааларга түртө салчы эле
0
Modric10
2019-04-30 23:05:01
Krai,сол жакта эле экен
0
elchi84
2019-04-30 17:09:00
Ушул жолдо эле коп олум болуп жатат мамлекет чара корсо болбойбу?Ортосун экиге болуп дегендей?
+2
ainura220888
2019-04-30 17:43:55
Откон жылы же аркы жылыбы ушул жерлерде 1степте 8адам олгон. Караштыргылачы айланайындар.
0
Wolf_ero
2019-04-30 18:52:54
Ушул жерде кырсык аябай коп болуп турат,светафорбу бир нерсе коюуп чара коруш керек !!!
0
aida007
2019-04-30 19:57:04
Кудай сактасын тообо тообо журок ооруйтго ииии садага болоюндар кыргызым уй було багабыз деп жолдо журушот дайыма, анан минтип кырсык Аллахым ОЗУ сактасын
0
Modric10
2019-04-30 22:58:58
Биз жардам бердик андайды эч кимге салбасын.
Журогун шуулдайт.менимче куноо гигантта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан