Жылдыздуу, баамчыл, тамашакөй сапаттарга ээ бул адамдар башкалар менен бат тил табышып, кандай шартка болбосун көнүп, ыңгайлашып кетишет. Ачык-айрым болгону менен, өзүнө тартып туруучу өзгөчөлүгү, сырдуулугу да бар. Таланттуу жана фантазиясы күчтүү, бир нерсени ойлоп таап, ишке ашырганга ынтызар. Кыялдарга берилип, ойго сүңгүп кирип кеткенде чөйрөсүндө кандай өзгөрүүлөр, эмне маселе жаралып жатканын билбей калышат. Кааласа кыйынчылыктарды кабагым-кашым дебей жеңишет.
Жумушка келгенде бирөөлөрдүн сын-пикирлерин сын эмес, басынтуу катары эсептейт. Өзүн-өзү өнүктүрүп, жаман сапаттарын жойгонго аракет кылышат.
Сүйүп калуу булар үчүн бат эле, бирок туруктуу мамиле куруу оор. Кайсы жагынан болбосун өзүнөн өйдө турган адамдарды түгөйү катары көрөт.