Депутат: "Профсоюздар федерациясынын төрагасы менин жолдошум экени чын. Бирок мага жана жолдошума тагылган айыптар акылга сыйбаган нерсе"

Февраль айынын башында Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү федерациянын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышкан. Анда митингге чыккан "Кыргызстан" санаториясынын директору федерациянын төрагасы Асанакунов аялы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобековага таянып жатат деген пикирин билдирген. Бүгүн, 25-февралда Гүлкан Молдобекова SUPER.KG порталына бул жагдай боюнча комментарий берди.

"Ал митинг болуп жатканда мен атайын аны түз эфир аркылуу көрүп отурдум. Албетте, ал митингде айрымдар тарабынан көп нерселер айтылды, ар кандай акылга сыйбаган айыптарды да тагууга аракеттеништи. Ооба, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менин жолдошум, ал чын.

Бирок ал мага таянып алганы, болгон маселелердин баарын отуруп алып чечип, сотторго чейин кийлигишип жатканым боюнча айткандары акылга сыйбаган нерсе. Профсоюздар федерациясындагы бардык чечимдер Профсоюздун кеңеши менен гана чечилет жана кабыл алынат. Бир да маселе кеңешсиз чечилбейт, төрага эч нерсе кыла албайт.

Бул маселе боюнча "Кыргызстан" санаториясынын директору Венера Маймендееванын ошол митингде айткандарын Жогорку Кеңештин төрагасына да жөнөтүптүр, кийин төрага ал кайрылууну мага жөнөткөн. Мен ал кайрылууну Башкы прокуратурага жөнөттүм. Эгер мен кийлигишип, сотторго чейин кирип "күйөөмө чечип бергиле" деп сотторго кысым көрсөтүп жатсам далилдеп беришсин. Эгер сотту басып коюп жатсам анда чоң адам экенмин, бирок бул мүмкүн эмес.

Жолдошум өзүнүн ишин кылып жатат, мен өз милдеттеримди аткарып жатам. Санаторийдин директору айткандай, Мирбек Асанакунов коррупционер болсо, буга чейин ээлеген кызматтарынан эл тарабынан куулуп кеткен болсо далилдешсин. "Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо" фондуна бөлүнгөн акчалардын баарын кабинетимдин сейфине салып алган болсом келишсин.

Ал фондго бөлүнгөн каражат алгач комитетте каралат, анан 120 депутаттын талкуусуна түшөт. Кийин ал акча социалдык фонд аркылуу дагы көптөгөн тепкичтерден өтүп анан которулат. Ошол себептен айткандарынын баарын сот аркылуу далилдеп берсе жакшы болмок. Депутат деген элдин өкүлү, мен андай жалган-жалаа жапкан адамдарга теңелгим келбейт. Андай адамдар менен соттошконго да убактым жок", - деди Молдобекова.

Ал Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин төрайымы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 6-февралында Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү федерациянын төрагасы кызматка жасалма документ аркылуу шайланып келгенин айтып митингге чыгышкан. Алар бир жылдан бери төрага мыйзамсыз кызматкерлерди жумуштан кетирип, өзүм билемдикке салып жатканын айтышкан. Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетүүсүн мурда да талап кылып келишкен. 2017-жылы өткөн маалымат жыйынында федерациянын кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жетекчи болуп дайындалгандан бери коррупциялык иштер жасалып жатканын айтып чыгышкан. Былтыр 15-майда да жетекчинин кызматтан кетишин талап кылып жүздөй киши митингге чыккан болчу. Мирбек Асанакунов бул жагдай боюнча түшүндүрмө берип, ар бир чечим Профсоюздар Федерациясынын кеңешинде каралып, анан кандайдыр бир чечим кабыл алынарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан