ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Азамат Исраилов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, Исраилов 20-мартта өздүк курамга тааныштырылды.
Аталган кызматты буга чейин Канат Жумагазиев жетектеп келип, февраль айынын башында ал Бишкек ШИИББинин башчысы болуп дайындалган.
Азамат Исраилов 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Ал ИИМдин Академиясында юриспруденция адистиги боюнча билим алгандан кийин, тактап айтканда, 1999-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2007-жылдан тартып 2016-жылга чейин жол коопсуздугу боюнча Ысык-Көл облусундагы райондук жана облустук бөлүмдөрдү жетектеп келген. 2017-2019-жылдары ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.