Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери боюнча соттук отурум болуп өттү.
Айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев билдиргендей, экс-мэрлердин кылмыш иши бириктирилген. Мэрлер Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Кылмыш иши бириктирилгенден кийин материалдардын жалпы көлөмү 50 томду түздү.
Тергөөнүн версиясына ылайык, коррупция боюнча айыпталып жаткан чиновниктер курулуш иштериндеги кеткен чыгымдарды жана материалдардын баасын көбөйтүү менен жалпы суммасы 12 миллион 160 миң 641 сом зыян алып келишкен. Албек Ибраимов, ошондой эле “Дастан” ишканасын жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси менен айыпталууда.
Соттук ишти Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбеков карады.
Соттук кароонун жүрүшүндө судья айыпталуучулардын туугандарына сүрөт жана видео тартууга тыюу салып, журналисттерди залдан чыгууну өтүндү. Ал эми айыпталуучулардын (кылмыш иши боюнча 14 адам айыпталууда) жактоочулары залга киши батпай, судья көрүнбөй калганына байланыштуу чиновниктердин тарапташтарын сыртка чыгып турууну суранды.
Эске сала кетсек, Кубанычбек Касымбеков Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп турганда экс-депутат Аида Салянованын соттук ишин карап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Кийинчерээк бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган. Кийин Касымбеков менен катар башка дагы кызмат адамдарына 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.