Садыр Жапаровдун уулу каза болгон жол кырсыгына катышкан унаанын айдоочусу: "Уулуңуздун ордуна уул болуп берүүгө даярмын"

Бүгүн, 3-сентябрда интернет желелерине Садыр Жапаровдун маркум уулу Дастандын өлүмүнө себепчи болдум деген жарандын кайрылуусун чагылдырган видео тарады.

Ал видеодо кырсыктын күнөөкөрү төмөнкүлөрдү айтып, Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.

Мен Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, көңүл айтам. Кырсыктан кийинки төрт күндө Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүрдүм. Ушунчалык мээримдүү, кайрымдуу, кечиримдүү үй-бүлө экенин көрдүм. Учурда мага дагы оор болуп жатат. Жакын арада эле өзүм ата болгом. Ата-эненин ичиндеги, жүрөгүндөгү күйгөн өрттү сезип, жүрөгүм жарылгыдай болуп жатат. Дастандын жалпы үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Садыр Нуркожоевичтин баласынын ордуна мен бала болоюн, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Чоң, баа жеткис карызым бар, өмүрүмдүн аягына чейин чогуу болуп берем. Кудайдан, бүткүл кыргыз элимден кечирим сурайм. Үйгө азык-түлүк, дары-дармек алып чыгып жаттым эле. Жаман ой менен жолго чыккан жокмун, кырсык болуп калды. Унаа урулгандан кийин башым менен мамыны сүзүп, өзүмдү таппай калдым. Дастандын үй-бүлөсү тараптан мага бир дагы жаман сөз айтылган жок. Чогуу жүрдүк, кечиримдүүлүк үчүн чоң рахмат”, - деп катуу өкүнүп жатканын айткан Э. аттуу жигит.

Эскерте кетсек, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон. Садыр Жапаров уулун сүзгөн тарапка кокустук болгон деп, арыз жазуудан баш тарткан. Ал арыз жазуу менен баласын кайтара албай турганын кошумчалаган.

Эркин: Садыр Жапаровго бала болуп берем
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
JENTLEMAN
2019-09-03 19:21:46
"Уул болуп берейин, башка болуп берейин" деп өлүмүштөнбөй, тек эле койчу эми ал жагын, кечирим сураганың жетишерлүү. Сага окшогондон миңи болсода бир уулунун ордун басып бере албашын билесиң эгер жаңы эле ата болгон болсоң.
-32
katerina.li
2019-09-03 19:24:55
Эми ушу кантип болсун,табалагансып уул болуп берейин дегени.
-32
monster_high_98
2019-09-03 19:49:41
Экоон тен тантырабачы!Кайдагыны айтып.

Молодец,эркек экенсин,мен Жапаровтун кечирдим дегенине эле баа бергем.Бат баттан кабар алып турсан деле жетиштуу менимче
+37
tema85
2019-09-03 20:00:15
Азамат
+13
Rystambekkg
2019-09-03 20:13:33
Торпок кечиргенине шугур дечи
Туугандарынын сени корнусу жок
Ошол учун сузуп кеттинбиле кайра устунон тебелеп отуп
-21
Medina87
2019-09-03 20:34:15
Ажалга айла жок,кырсык болду. Эки жак Тен Кудайга жагаарлык иш тутушуптур.
+14
bema_bema
2019-09-03 21:01:13
Мин жолу кечирген менен, сени коргон сайын журогундо кайсы бир сезим кыйнайт баласын эстеп.Сен баласынын оордун эч качан баса албайсын.
+8
meni_kut
2019-09-04 14:14:19
bema_bema,туура
+1
Eli.91
2019-09-03 21:14:59
Албетте баласынын ордун эчбир жан баса албайт.Маладес ушундай иштерге себепкер болгондордун канчасы Алладан коркбой иизин жашырып кетип жатат аа бул бала болсо айткан создорунон канчалык окунуп турганын сезсек болот.Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекеринен айткан эмесда.Айтып жатбайбы жакшы эле ойдо чыккан элем дары дармеке деп жатбайбы.Алла Таалам сенинда уйбулондун кубанычын узагынан берсин амин!
+11
Eli.91
2019-09-03 21:22:27
Менин деле иним бироолор себеп болуп каза болуп калган эле.Бирок раматылык жаным апам бизге баарызга болгон иш баары Алладан деп эн жакшы мамиле кылып журуп отту.Даайыма айта берчу жакшы иш кылуудан эч чарчабагыла деп кулагыбызга куюп келди.Атанды олтургонго Апанды бер деп айткан сен жакшы мамиле кыла бер.Алла озу эсебин алып озу жазалап алат дейт болчу даайыма.Биз жазалай тургандай эчким эмесбиз.Жазалачу бир гана Алла деп коп айтчу Бейишим Апам.
+17
bekov01
2019-09-03 22:26:35
Жапаров мыкты адам!
+6
Begimay.emir1
2019-09-04 04:50:49
Сени башына тартабы. Баарибир адам олтурдун, куноолусун. Алладан кечирим сура
-7
Nargiza1987k
2019-09-04 08:51:02
Азамат иним бул кырсык экенда
0
Mars575
2019-09-04 10:18:28
Кырсык, адамдык улуу касиетин бар экен, чисто сердечное признание облегчит вину
+1
ruslanz
2019-09-04 12:23:15
Бул бала атайылап олтургон жок,кырсык болду.Мас эмес,копкон неме эмес,уй булоосу менен магазинден чыгып бараткан экен.
+2
meni_kut
2019-09-04 14:16:30
ruslanz,ПДДны окуп,эми жол эрежесин бузбаганга аракет кылсын.
0
Kuyoo_bala
2019-09-04 14:53:59
"Э" аттуу жигит деп анан тубуно видео кайрылуусуна Эркин деп атын жазып коюшуптур хи хи хи
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан