Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жөнөтүлгөн каты боюнча ырайым кылуу маселелер боюнча комиссия эч кандай маалымат жок экенин билдирди.
Ал эми Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов 16-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазылган катка тийиштүү документтер керек экенин айтышкан. Эртеси, тактап айтканда, 17-октябрда катка керектүү документтер тиркелип, тийиштүү жерге жөнөтүлгөн.
"Эч кандай жооп жок. Андан бери бир айдан ашык убакыт өттү" деди ал.
Саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жазган.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.