Садыр Жапаровдун жактоочулары соттук отурумда фото, видео тартууга уруксат берүүнү суранышты

Бүгүн, 19-августта Чүй облустук сотто Садыр Жапаровдун иши каралып жатат. Садыр Жапаровдун жактоочулары соттук отурумда фото, видео тартууга уруксат берүүнү суранышты. Жактоочу Шарабидин Токтосунов эл бул соттук отурумдун жыйынтыгын күтүп жатканын белгиледи. Сот фото, видео тартууга тыюу салына турганын билдиришти. Ал эми жактоочулар соттун бул чечимине каршылыгын айтышты.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek.Svoboda.
2019-08-19 11:56:35
Садыр.Жапаров.Акталсын!!!!
+2
Samatalibei
2019-08-20 21:01:57
Акталсын соттор адилеттуу болгула убакыт отот баарыбир чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан