Камчыбек Ташиев: "Элге колдонгон мунапысты эмнеге Садыр Жапаровго колдонууга болбойт? Сурай турган убакыт келди"

16-июлда сот Садыр Жапаровду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуудан баш тартты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев пикирин билдирди. Анда жакында Жапаровдун тагдырына кайдыгер карабаган адамдарга кайрыларын жазган.

"Садырды (ред.: Жапаровду) бошотуш керек эле. Элге колдонгон мунапысты эмнеге Садырга колдонууга болбойт? Сурай турган убакыт келди, аракетти баштайбыз! Жакында Садырдын тагдырына кайдыгер эмес адамдарга кайрылабыз, жардам бергиле", - дейт Камчыбек Ташиев.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши кайра каралары айтылган.

16-июлда буга байланыштуу сот отуруму өттү. Адвокат Шарабидин Токтосунов "мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн соту Байсов Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты" деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан