Боом капчыгайында 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык 9-майда саат 21:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда орун алды. Хонда Одиссейдин 21 жаштагы айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун каршы тилкесине чыгып, 49 жаштагы айдоочу айдап бара жаткан Субару Аутбек унаасы менен сүзүшкөн. Анын натыйжасында эки унаанын айдоочулары, Субарунун айдоочусунун аялы жана Хондада отурган жүргүнчү ооруканада көз жумган. Ошондой эле унаалардагы 3 жүргүнчү жабыркаган.