Соо жери калган эмес! Ысык-Көлдөгү 5 адамдын өмүрүн алган кырсык: "Рулдагы аялдын спирт ичимдигин ичкени аныкталды"

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгон. Анда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Бул учурда каршылаш келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкен деген жыйынтык чыгарып беришти. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө", - деп айтты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
kirgizstan
2019-08-31 15:02:33
Жаратканым бейишинен берген болсун.
Ээх журок ооруйтко.

Машинанын устуно эле чыгып кетиптирго кантип айдаган АКМАК. Тынч уктатпайтко уктатпайт.
Байкуштар эчтекеден кабарсыз келе жаткан , наристе кыткыр кулуп ойноо кези бир заматта ажыдаар баскандай басып кетиптир кок мээ.
Туугандарына сабр тилейбиз
+4
Avrora2017
2019-08-31 15:27:37
Балее ичкир соз жок камагыла эми муну да койо берип койбой президентин кудасынын баласындай кылып
+7
erkinali858585
2019-08-31 15:43:29
Ичип машина айдагандарга кечирим бербегиле
+2
JENTLEMAN
2019-08-31 16:19:30
Кебетесине карачы алкаштын. Өзү ДТП дан кыйратып камалбайт эле, эми буларды кантеер экен ары жок эки жүздүү соттор((.
+3
ZhanMM
2019-08-31 18:05:34
Мыйзамды карап чыгууга, ичип алып рулга отургандарга өтө катуу чара көрүүгө ушу кокустук даана мисал боло алат
+5
ZhanMM
2019-08-31 18:06:10
Буга чейин болбогон болсо
+2
Skarlett-Skarlett
2019-08-31 22:49:50
Саксайган кебетеси суук
+2
Komrad
2019-08-31 23:02:13
2-3 күн мурун сүйлөшүп отуруп айтып аткам: эгер премьер же президент болсом түз эфирден элдин баарын чогултуп алып, элге кайрылып, мына бүгүнкү күнгө чейин канча ДТП болуп канча өмүрлөр кетти? Мына баарын угуп ал бүгүн, эртең, бүрсүгүнү дагы ДТП болот, мен эмес деп эчкиминер ойлобогула! Ар бир кыргызстандык ДТП га курмандык же себепкер болуп калбагыла, эртенки кырсыкты бүгүн алдын алайлы, деп. Эчким ДТП га катышкысы келбейт да, анүчүн баары аракет кылыш керек. Эртең бүрсүгүнү дагы болсочу???!!!
+1
Komrad
2019-08-31 23:03:32
Кайран өмүрлөр, бирөөсүнө кайгырып бүтө электе, улам жаңы ДТП болуп өлө береби адамдар!?
+2
JENTLEMAN
2019-08-31 23:39:53
Бул жерде ДТП га бийлик 100% күнөөлүү, эмнеге? Себеби азырак жешип, жолдорду кеңейтип эки катардан төрт катар кылып койсо, ошондо бир-биринен смело обгонго чыга беришмек, встречныйдагы келе жаткан аркы паласада кетмек. Жолдорубуз өтө-өтө тар, ошон үчүн ДТП лардын 90% ы встречныйдан келип кагылышуу болуп жатат.
+5
Asylai88
2019-09-01 02:37:46
JENTLEMAN,не бийлик оозуна арак куюптурбу суйлойт десе эле суйлой бербечи. Адам озу напсисин тыйыш керек жолго чыгаарда атасынын башына ичеби аракты? Кудай жол берсе эртеби кечби жетмек жетчу жерине эгер ана айбан аял ичпегенде. Бул жерде адам озу куноолуу аракты ичкен. А куноосуз кеткендердин бейишин берсин. Тиги тамагы жаман акмактын айынан бут уй булоо кайтыш болду.
-2
JENTLEMAN
2019-09-01 16:50:32
Asylai88, Дөөрүгөн көк мээ, авария болгондордун баары эле арак ичкендер эмеско? Арак ичпей жакшына жүргөндөр деле встречный кагылышып өлүп жатышатко, кичине алдыгы көгөргөн мээңди иштетсең маңкурт, унаа жолуң тротуардан эле бираз кенениреек эле болуп атпайбы, андай жолдо акырыын келе жаткан эшек арабалар деле кагылышып кетет. Ошон үчүн жолдорду кеңейтип, бир жагына 2, бир жагына 2 поласадан жол жасаса кагылышуулар азаймак. Жолго бөлүнгөн миллиондорду кемирип коюшу да бул пок курсак ачтар.
+1
Anti-S
2019-09-01 15:15:21
JENTLEMAN, геморрой болсон деле бийликти куноолой бер. Сен омур бою оз жашооно нааразы болгон затсын. Адам болбойсун
-3
airada
2019-09-01 17:15:57
JENTLEMAN,
Туура айтасыз. Жолду чон кылып салып койушса кырсыктын саны азаймак жок болбосо дагы
+1
mirbek2211
2019-09-01 03:37:16
Ушулар олсо болмок экен
+3
didu
2019-09-01 06:43:23
бугада он рульга асылышпаса болду
0
Blueaffair
2019-09-02 01:55:59
523 деген БМВ жок
0
JENTLEMAN
2019-09-02 03:26:43
Blueaffair, Койчу э, "БМВ 523i" деген марка барго, же гуглдан карап көр билбесең)).
-1
Blueaffair
2019-09-02 01:56:20
530 болушу мумкун бул
0
Djal1987
2019-09-02 13:21:12
Резонанс болгон учун мас экени айтылат. Копчулук убакта милиция айдоочу мас болсо ичимдик ичпеген деп кагаз жасап берет. Акчаны шыпырышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан