Тажик маалымат каражаттары өлкөнүн Коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен кыргыз чек арачылары 2 кичи автобус Тажик жаранын барымтага алгандыгын жазып чыгышты.
"Ворух аймагынын тургундары "Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык" автожолунун курулушуна нааразычылыгын билдирген учурда кыргыз тарап ок чыгарган. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн күч органдары "Исфара-Ворух" жолун жаап, 2 кичи автобустагы Тажик жарандарын барымтага алган. Барымтадагыларды алар "Ак-Сай" чек ара бөлүмүндө кармап турушкан", - деп жазылат маалыматта.
Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги четке какты.
"Айрым маалыматтарда бир нече Тажик жарандарын кыргыз чек арачылары барымтага алгандыгы айтылып жатат. Кээ бир басылмалар барымтага алгандар Кыргыз жарандары экендигин жазышты. Мунун баары чындыкка дал келбеген жалган маалыматтар", - деди министрликтин басма сөз катчысы SUPER.KG`ге.
13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда бир Кыргыз жаранына таш тийип ооруканага жеткирилсе, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.
Бүгүн, 15-мартта Чек ара кызматынын басма сөз кызматы чогулган эл дээрлик тарап, эки өлкөнүн атка минерлери абалды жөнгө салуу үчүн жолугушуу өткөрүп жатканын кабарлады.