Депутат Динара Исаева Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Ал билдиргендей, аталган облуста жер-жемиш, мөмөлөр жакшы өсөт. “Азык-түлүктөрдү өндүргөн ишкана куруу керек. Баткендин жашоочуларын жумуш менен камсыз кылуу үчүн заводдорду куруу зарыл”, - дейт депутат.
Мындан тышкары ал жерлерди трансформациялоо маселеси тез арада чечилиши керектигин айтты.
Жыйында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.
3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.
13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.